Көчмөндөр оюндарына арналган 40 күндүк жүрүш Баткенден башталды

Көчмөндөр оюндары-2026 766 24 Июль 2026 15:00
753488101_1577145547112228_3044761367331990441_n.jpg
753007373_1577145743778875_1940817169602806185_n.jpg
755317316_1577145540445562_5792098000816971092_n.jpg
753953993_1577146153778834_7352610729349617867_n.jpg
755734369_1577145583778891_4301324722297567700_n.jpg
753628015_1577146010445515_8014751342338868600_n.jpg
752952043_1577145993778850_1432206106510566135_n.jpg
755128486_1577145607112222_8482770793797916883_n.jpg
755867804_1577145913778858_4447906091327341944_n.jpg
754308074_1577145777112205_8507899552928701928_n.jpg
753164015_1577145697112213_276085660737284644_n.jpg
753953993_1577146033778846_4138113130164832242_n.jpg
752347339_1577146060445510_3964883522040525019_n.jpg
753694652_1577145680445548_761254969104088084_n.jpg
755734352_1577145927112190_522889083666128963_n.jpg
753255020_1577145960445520_9153116841258533061_n.jpg
753150371_1577145733778876_8965498675153525230_n.jpg
753007373_1577145953778854_7657417025285749264_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Биримдик кербени” 40 күндүк улуттук жүрүштүн суу алуу аземи Баткен облусунан башталды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, долбоордун алкагында алгач Лейлек районунун Төө жайлоосундагы касиеттүү Шооваз булагынан суу алуу аземи өткөрүлдү. Салттуу азем кыргыз элинин үрп-адаттарын жана көчмөн маданиятын чагылдырган көрүнүш менен коштолду.

Аземдин жүрүшүндө Лейлек районунан тандалган 10 атчанга Шооваз булагынын суусу салтанаттуу түрдө тапшырылды. Атчандар эртең, 25-июлда Раззаков шаарынан 40 күндүк улуттук жүрүштү баштап, өлкөнүн аймактарын кыдырып өтүшөт.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов катышып, жалпы мекендештерди “Биримдик кербени” долбоорунун башталышы менен куттуктады.

“Эр азаматтарыбыз баштаган “Биримдик кербенинин” сапары байсалдуу болсун! Касиеттүү булактардын суусу элибизге береке, жергебизге тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү алып келсин!” – деди өкүл.

“Биримдик кербени” долбоорунун негизги максаты – кыргыз элинин биримдигин чыңдоо, тарыхын, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, улуттук каада-салтын жана маданий мурасын кеңири жайылтуу.

Долбоордун өзгөчөлүгү катары өлкөнүн 40 районундагы касиеттүү булактардан алынган суулар өз-өзүнчө көөкөрлөргө куюлат. Ар бир райондон 10дон атчан, жалпы 400 атчан катышып, сууну өлкө аймагын кыдырып алып жүрүшөт. Жүрүштүн соңунда бардык булактардын суусу борбор калаада бир идишке бириктирилип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жеткирилет.

Олимпиада оюндарынын символу от болсо, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу – суу болуп саналат. Бул жаратылышты, жашоону, тазалыкты, ынтымакты жана элдин биримдигин туюнтат.

Белгилей кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “1000 комузчу”, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Этнобазар” негизги символдук иш-чаралардын бири болгон. Ал эми быйылкы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы символдук долбоору катары “Биримдик кербени” тандалган.

Кербен өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, 40 районду бир руханий жолго бириктирет. 40 күндүк улуттук жүрүш 2026-жылдын 1-сентябрына чейин уланып, андан соң VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи менен жыйынтыкталат.