"Биримдик кербени" 40 күндүк улуттук жүрүшүн Баткен району тосуп алды

Аймак 28 Июль 2026 09:50
757480488_1579737646853018_3200735119089033557_n (1).jpg
759078204_1579737973519652_2155736299122631154_n.jpg
758469758_1579738096852973_2969790986431466983_n.jpg
758401050_1579737916852991_6281641154351121361_n.jpg
758964531_1579737706853012_9083875827490087496_n.jpg
756440572_1579737673519682_1051331345548862756_n.jpg
755872222_1579737900186326_7666518947233232813_n.jpg
758944210_1579737813519668_709202605242837728_n.jpg
756441320_1579737800186336_7186911827027565714_n.jpg
758750957_1579737720186344_181357058512552994_n.jpg
756043953_1579737950186321_3399888710973854151_n.jpg
758778938_1579737780186338_3702403154293978552_n.jpg
755872214_1579737993519650_4466184270414281612_n.jpg
759078047_1579737753519674_6170997592639173895_n.jpg
758350551_1579737880186328_4871659647553996759_n.jpg
758964201_1579738056852977_9161273181203956264_n.jpg
757480488_1579737646853018_3200735119089033557_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп, Раззаков шаарынан жолго чыккан "Биримдик кербени" 40 күндүк улуттук жүрүш Баткен районуна келип жетти.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Лейлек районунан жолго чыккан 10 атчан өкүлдү Баткен шаарындагы Төрт-Гүл суу сактагычынын жээгинен облус башчысынын орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү тургундар жана коомчулуктун өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Коноктор үчүн улуттук каада-салттарды чагылдырган маданий программа уюштурулуп, келген кербендин катышуучулары улуттук дастаркондон даам татышты.

Лейлек районунун өкүлдөрү Төрт-Гүл суу сактагычынын жээгинде эс алышат. Андан соң, аларга Баткен районунун өкүлдөрү кошулуп, кербен кезектеги багыт боюнча жолун улантат.

Белгилей кетсек, Баткен районунун өкүлдөрү касиеттүү Суу-Башы булагынан атайын жасалган көөкөргө суу алуу аземин өткөрүшкөн. Алынган ыйык суу "Биримдик кербенинин" негизги символдорунун бири катары маданий коштоодо кербенге тапшырылган.

Суу алынган Суу-Башы булагы Баткен районунун Кара-Булак айылынын жогору жагындагы тоо этегинде жайгашкан касиеттүү жайлардын бири болуп саналат. Бул булак жергиликтүү эл тарабынан ыйык деп эсептелип, тазалыктын, берекенин жана биримдиктин символу катары бааланат.

"Биримдик кербени" — өлкөнүн бардык 40 районун камтыган, улуттук биримдикти, маданий мурастарды жана аймактар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган ири долбоор. Жүрүш 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун адам катышууда.