Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Жекшемби күнү Шри-Ланканын 22 миллион тургунун бир маймыл электр жарыгысыз калтырды. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдады.
Шри-Ланканын энергетика министри Кумара Джаякоди журналисттерге жекшемби күнү саат 11:00 чамасында аралда болгон электр жарыгынын толук өчүрүлүшүнүн себебин айтып, "Маймыл трансформаторго тийип калган, бул системада үзгүлтүктү жаратты",-деген.
Бул окуя Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарынын түштүгүндөгү подстанцияда орун алган.
Андан соң медициналык мекемелерден жана суу тазалоочу жайлардан баштап, бардык тармактарда электр энергиясы этап-этабы менен көп убакыттын ичинде калыбына келтирилди.
Шри-Ланканын социалдык тармактарынын колдонуучулары бул окуяга байланыштуу бийликке карата бир топ тамашаларды айтышты.
"Бир маймыл-жалпы башаламандык. Балким, инфраструктура жөнүндө ойлонууга убакыт келдиби?" — деп жазган Mario Nawfal аттуу колдонуучу социалдык тармакка.