Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана “Элдик банктын” жаңы имаратынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
"Бүгүн өлкөбүздүн бүтүндөй банк системасы үчүн маанилүү күн болуп турат. Бүгүн биз эки маанилүү окуяны — Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөө менен бирге “Элдик банктын” жаңы имаратын ачканы турабыз.
Бул бири-бирине төп келген эки окуя ары символикалуу, ары тарыхый мааниге ээ. Бүгүнкү күндө бир кылымдык жол арбыткан аманат ишмердигинин улантуучусу дал ушул “Элдик банк” болуп саналат.
Ушундан улам, алгач баарыңыздарды, айрыкча банк системасында эмгектенгендерди бүгүнкү тарыхый күн менен чын дилимден куттуктаймын!"- деди президент куттуктоо сөзүндө.
Өлкө башчысы белгилегендей, "Элдик банктын" жаңы имаратынын ачылышы – мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жана өнүгүүнүн белгилеринин бири.
"Демек, бул жөн гана жаңы имарат эмес. Бул – алдыга ишенимдүү кадам таштап жатканыбыздын көрсөткүчү", - деди Садыр Жапаров.
Президент кошумчалагандай, бүгүнкү күндө "Элдик банк" – өлкөнүн эң ири банктарынын бири. Ал – 80 миллиард сомдон ашык капиталы бар каржы институту, мамлекеттин стратегиялык өнүгүү милдеттерин ишке ашыруучу банк.
"Элдик банк" бир кылым бою калыптанып келген аманат ишмердигинин салттарын улантып, каржылык жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда жана жарандардын банк системасына болгон ишенимин арттырууда маанилүү социалдык-экономикалык ролду ойной тургандыгы белгилүү.
Кудай буюрса, "Элдик банк" улуттук маанидеги инфратүзүмдүк, энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышат. Банк өлкөбүздүн эң ири энергетикалык долбоорлорунун бири – Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү долбоорлоруна, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медициналык мекемелерин колдоого насыя бөлмөкчү", - деди президент.