Кыргызстанда жол кырсыктарынын айынан жабыркагандардын жана каза тапкандардын саны азая элек. Ооруканага жатып оор операциялардан өткөн бейтаптар узак дарыланууга аргасыз. Айрымдары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катарын толуктап калууда. Жол кырсыктарынан жаракат алгандар кырсык катталган жерге жакын жайгашкан ооруканаларга кайрылышат. “Кабар” агенттигинин кабарчысы бул ирет Бишкектеги Клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасына баш багып, жол кырсыктарынан жабыркаган бейтаптардын ал-акыбалын сурап, дарыгерлер менен баарлашты.

Атын атагысы келбеген 21 жаштагы бул жарандын Клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасында дарыланып жатканына 4-5 күндөн ашты. Бейтапты унаа сүзүп кеткен. Жол кырсыгынан эки бутунун сөөктөрү сынган. Дарыгерлер бейтаптын абалын карап, жакынкы кундөрү операция кылууну пландаштырып жатыптыр. Бейтап азыр абалы жакшы экенин айтат.
“Мен жолдун четинде унаа өтпөй турган жерде эле тургам. Айдоочу соо эле экен. Ал тормозум кармабай калды деди. Айдоочулар жол эрежелерин сактап айдашса дейт элем. Кырсык айттырбай келет экен. Мени сүзгөн айдоочу мен менен эле тең болчу. Дарыгерлер мени 6-7 айдай турбай жатышың керек деп жатат. Операциядан кийин шашпай басасың дешти. Жол эрежелерин сактабаган айдоочулардан биз жабыркап жатабыз”, - деди ал.
Клиникалык медициналык тез жардам берүү ооруканасына бул бейтапка окшоп жол кырсыгынын айынан жашы-карысы дебей дарыланууда.

Статистикалык сандарды карасак, 2024-жылы жол кырсыктарынан улам аталган ооруканага жалпы 2534 адам кайрылган. Анын ичинен 1012си ар кандай жаракаттары менен түшүп, дарыланып чыккан. Ал эми 1522 адам үйүнө дарыланууга жиберилген.
Аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манаповдун айтымында, ооруканага кайрылгандардын саны былтыр мурдагы жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 500 адамга көп болуп, 3046 адамды түздү.

“2025-жылдын бир айында эле ооруканага жол кырсыктарынан жаракат алып, 189 киши түштү. Алардын ичинен 83 адам ооруканага жаткырылып, 106 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Статистикага таянсак, жаракат менен келгендердин 4-5 пайызы оор абалда болуп, тилекке каршы, өлүм менен аяктаган учурлар болот. 15-20 пайызы оор жаракат алып, өмүр бою ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип калган көрүнүштөр да кездешет”, - деди дарыгер.
Бир күндө ооруканага орточо эсеп менен 15тей адам жол кырсыктарынан улам келип түшөт. Ал эми жайында эс алууга чыккан маалда жол кырсыктары көп катталгандыктан, жабырлануучулар да көбөйөт.

“Жарандар июнь-июль айларында эс алууга чыгышкандыктан, жайында жол кырсыктары көп катталат. Эки унаа сүзүшүп кетсе, 8-9 адам бир убакта эле ооруканага түшүп калат. Шаардын эки жеринде эле авария катталса, бир сааттын ичинде эле 10-15 адамга чейин ооруканага түшүп калышы мүмкүн”, - дейт дарыгер.
Илимбек Манапов белгилегендей, январь айында ооруканага эки бейтап омурткаларынан жаракат алып түшкөн. Ак халатчандар аларга медициналык жардам көрсөтүп, тийиштүү хирургиялык операцияларды жасашкан. Дарыгерлер экөө тең оор жарат алышкандыктан, өмүр бою өз алдынча баса албай калат деген тыянакка келип жатышат. Ошол эле маалда баш мээсинен оор жаракат алган дагы үч адам жол кырсыгынын кесепетинен жарык дүйнө менен кош айтышты.
Буга байланыштуу башкы дарыгердин орун басары айдоочуларга кайрылып, жолдо өзүнүн гана эмес, өзгөлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаратпай, эрежелерди сактап, этият болуусун суранып өттү.
“Бүгүнкү күндө шаардын аймагы кеңейүүдө. Ага жараша калктын саны да көбөйүп жатат. Мурда бир үйдө бир эле унаа болсо, азыр эки же үчтөн унаа кездешет. Транспорттун саны көбөйгөндүктөн, айдоочулар жолго чыкканда жоопкерчилигин сезиши керек. Мындан улам аларды этият болууга чакырам. Жол эрежелерин сактоо зарыл дейт элем. Ошондой эле балдарга мектеп жашынан тартып жолдо жүрүү эрежелерин окутуу шарт. Кырсык каш-кабактын ортосунда. Айдоочулар унаадагы жүргүнчүлөрдун, жөө адамдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылышы кажет. Ар бир жол кырсыгы кесепетин тийгизет. Мисалы, айдоочу жолдон алаксып кетип, жөө жүргүнчүнү сүзүп алса, ал жаракатынан өмүр бою төшөккө жатып калышы мүмкүн. Ал бир үй-бүлөнү баккан киши болуп калышы да ыктымал. Оорулууну күндө кам көрүп, бакканга сөзсүз бир киши керек болот. Муну менен жол кырсыгы бүтүндөй бир үй-бүлөгө залакасын тийгизет. Эч ким жол кырсыгынан жабыр тартып каларын билбейт. Ошол үчүн ар бир адам жолдон өтөөрдө абайлашы зарыл”, - деди дарыгер.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда акыркы 10 жылда 75 миң жол кырсыгы катталган. Бул жылдарда жол кырсыгынын айынан 9120 адам каза таап, дагы миңдеген киши жабыркаган. 2025-жылы 8456 авто кырсык катталып, андан 900 адам каза болуп, 12 миң 169 адам жаракат алган.