Бир айда транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн өлкө казынасына 18,7 млн сом түштү

Коом 822 11 Февраль 2025 11:58
476830321_934170838891663_5683755001710177312_n.jpg
476250467_934170925558321_4827333997056580330_n.jpg
476431531_934170835558330_5698067809451191097_n.jpg
476838249_934170935558320_8256461839013946265_n.jpg
476850741_934170912224989_8911599542987319502_n.jpg
476859631_934170825558331_7966451945591730059_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бир айда транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн өлкө казынасына 18,7 млн сом түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан январь айында жүргүнчү жана жүк ташыган 47 миң 645 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 421 протокол түзүлдү.

Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке жалпы 18 млн 770 миң 484 сом (2024-жылдын 1 айында 5 млн 605 миң 470 сом) чегерилди.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.