Бүгүнкү макулдашуулар кыргыз-кытай өнөктөштүгүнө жаңы дем берет – Кулубаев — Кабар

Бүгүнкү макулдашуулар кыргыз-кытай өнөктөштүгүнө жаңы дем берет – Кулубаев

Саясат 31 август 2026 12:25
copyright icon KABAR Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Бүгүн жетишилген макулдашуулар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн өнүгүүсүнө жаңы дем берет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө тараптар ынак коңшулук, достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди бекемдөөгө кызыкдар экенин ырасташты.

"Биз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын ийгиликтүү деп баалайбыз. Жолугушууда тараптар бири-бирин колдоого жана эки тараптуу мамилелердин негизги принциптерине берилгендигин баса белгилешти.

Кытай тараптын өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ырааттуу колдоп жатканын жогору баалайбыз. Өз кезегинде кыргыз тарап Кытайдын “Бирдиктүү Кытай” принцибин колдой турганын билдирди.

Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул тараптардын ортосундагы саясий ишенимдин жогорку деңгээлин чагылдырып, саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, инфраструктура, энергетика жана гуманитардык байланыштарды, ошондой эле эл аралык жана аймактык аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин көрсөтөт.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, айыл чарбасын жана гуманитардык байланыштарды практикалык жактан өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап кызматташтыкты кеңири багыттар боюнча мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган 30дан ашык эки тараптуу документке кол койду.

Алардын ичинен эң маанилүүсү — Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы түбөлүктүү ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишим. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларация кабыл алынды.

Биз Кытай Эл Республикасы менен болгон достук мамилелерди жогору баалайбыз жана Кыргызстан өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча мындан ары да жигердүү кызматташууга даяр экенин ырастайбыз.

Бүгүн жетишилген макулдашуулар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн өнүгүүсүнө жаңы дем берет деп ишенебиз", — деп белгиледи ТИМ башчысы.