Бишкек 25.06.25 /Кабар/. 25-26-июнда күндүн бетинде пайда болгон чоң короналдык тешиктен улам жер бетин орточо деңгээлдеги геомагниттик бороон каптайт. Бул тууралуу Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы жана Россия Илимдер академиясынын Күн-Жер физикасы институтунун маалыматтарына таянып Интерфакс жазды.
Маалыматта белгиленгендей, жердин геомагниттик абалынын начарлашы - күндөн чыгып жаткан шамалдын ылдамдыгы күчөп, жерге тийгендигинен улам болууда. Бул шамал "плазма" деп аталган заряддалган бөлүкчөлөрдөн турат жана ал жердин айланасындагы космостук мейкиндикте баш аламандык жаратат.
Божомол боюнча мында орточо деңгээлдеги G2 деп бааланган магниттик бороон болот. Ал эми андан да катуу G3 жана андан жогорку деңгээлдеги бороондун ыктымалдуулугу 15%ды түзөт.