Бүгүн Стамбулда Россия менен Украинанын сүйлөшүүсү өтөт

Дүйнө Загрузка... 02 Июнь 2025 08:55
0d2c000a-cc15-492a-8f43-93c3a878db58.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.06.25. /Кабар/. Бүгүн Стамбулда Россия менен Украинанын сүйлөшүүсү өтөт. Бул тууралуу Интерфакс Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.

Анда белгиленгендей, эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусун Чираган сарайында уюштуруу пландалууда.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова орус делегациясы Стамбулга меморандумдун долбоору жана ок атышууну токтотуу боюнча сунуштары менен келерин айткан.

Ал эми ТИМ башчысы Сергей Лавров меморандумдун негизин конфликтин биринчи себептерин жоюу жөнүндө Россиянын позициясы камтылганын белгилеген.