Бүгүн Россиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо башталат

Дүйнө 18 сентябрь 2026 09:00
Бүгүн Россиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо башталат

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Россияда Мамлекеттик Думанын IX чакырылышына шайлоодо добуш берүү башталат. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт.

Маалыматка ылайык, шайлоо үч күн - 18-сентябрдан 20-сентябрга чейин өтөт.

Федералдык округдагы шайлоого 10 саясий партия катышууда.

Мамлекеттик Дума беш жылдык мөөнөткө шайланат жана 450 депутаттан турат.

Шайлоолор аралаш пропорционалдык-мажоритардык система боюнча өткөрүлөт. Депутаттык корпустун жарымы 225 бир мандаттуу округдан (бир округдан бирден депутат) шайланат. Экинчи жарымы Россиянын бардык аймагын камтыган федералдык шайлоо округунан партиялык талапкерлердин тизмесине берилген добуштардын санына пропорционалдуу түрдө шайланат.