Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүн Россия менен Украина туткундарды алмашуу иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, туткундарды алмашуу иштери болорун Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирген.
Ага ылайык, тараптар бүгүн 175тен туткунду алмашат. Ошондой эле Россиянын медициналык мекемелеринде дарыланып жаткан оор жарадар болгон 23 украиналык аскер өлкөсүнө берилет.