Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Спорт Загрузка... 22 Декабрь 2025 22:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Жаштык" кичи аренасында чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын ачылышы болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпионаттын алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 23-декабрда жыйынтыкталат. Бүгүн балбандар 55, 63, 72, 82 жана 97 кг салмак категорияларында күч сынашууда.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Хорватияда өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортсмендерге жана машыктыруучулар курамына бир жолку акчалай сыйлыктар тапшырылды.

  • Бекзат Алмаз уулу - 57 килограммга чейинки салмак категориядагы эркин күрөш боюнча 2-орун 750 000 сом;
  • Айпери Медет кызы - 76 килограммга чейинки салмактык категориядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 2-орун 750 000 сом;
  • Эрназар Акматалиев - 70 килограммга чейинки салмак категориядагы эркин күрөш боюнча 3-орун 500 000 сом;
  • Нурзат Нуртаева - 72 килограммга чейинки салмак категориядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 3-орун 500 000 сом;
  • Асан Жанышов - 87 килограммга чейинки салмактык категориядагы грек-рим күрөшү боюнча 3-орун 500 000 сом;
  • Азат Мирахимов - эркин күрөш боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (2-орун – Бекзат Алмаз уулу; 3-орун – Эрназар Акматалиев) 312 500 сом;
  • Эламан Догдурбек уулу - эркин күрөш боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (2-орун – Бекзат Алмаз уулу; 3-орун – Эрназар Акматалиев) 250 000;
  • Нурбек Изабеков - кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (2-орун – Айпери Медет кызы; 3-орун – Нурзат Нуртаева) 312 500 сом;
  • Нурдин Донбаев – кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (2-орун – Айпери Медет кызы; 3-орун – Нурзат Нуртаева) 250 000 сом;
  • Уран Жузуп уулу - грек-рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (3-орун – Асан Жанышов) 125 000 сом;
  • Азат Бейшебеков - грек-рим күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (3-орун – Асан Жанышов) 100 000 сом.