Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны жана “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт.
Бул иш-чараларга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Монголия, Того, Түркия, Лаос, Вьетнам жана Мисирдин өлкө жетекчилери катышат. Эл аралык уюмдардан Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин өкүлдөрү да катышат.
Мында мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашмакчы.
Жыйындын алкагында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, ошондой эле көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана уюмдун ишмердигин өркүндөтүүгө багытталган документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
“ШКУ плюс” форматындагы кеңейтилген курамдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот.
Белгилей кетсек, саммит Кыргызстандын ШКУга 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагындагы негизги жыйынтыктоочу иш-чара болот. Кыргызстан бул төрагалыкты “ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай” деген ураандын алдында жүргүзүүдө.