Бүгүн Бишкекте "Алга" спорттук комплекси ачылат

Спорт 13 июнь 2025 10:25
Бүгүн Бишкекте "Алга" спорттук комплекси ачылат
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын толугу менен реконструкциядан өткөн "Алга" спорттук комплекси салтанаттуу ачылат.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт.

Ошондой эле иш-чара Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 12-турунун алкагындагы "Алга" (Бишкек шаары) - "Барс" (Каракол шаары) футболдук клубдарынын беттеши жана комнцерттик программа менен коштолот.

Концерттик программа саат 18:30да, ал эми оюндун старттык ышкырыгы саат 20:30да жаңырат.

Белгилей кетсек, концертке белгилүү ата-мекендик алдыңкы эстрада жылдыздары катышат.