Бүгүн Баткен шаарында жаңы жылдык балаты жанат

Аймак 17 декабрь 2025 11:11
Бүгүн Баткен шаарында жаңы жылдык балаты жанат
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда саат 18:00дө Баткен шаарында жаңы жылдык балатыны жандыруу иш-чарасы башталат.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолот.

"Урматтуу Баткен шаарынын тургундары жана коноктору!

Баарыңыздарды өкүлчүлүктүн имаратынын бет маңдайындагы аянтчага, майрамдык иш-чарага чакырабыз", - деп кайрылышты өкүлчүлүктөн.