Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл кызматы "Бетон Стар" ЖЧКсына пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.
Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында компанияда айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча бир катар эрежелер бузулганы аныкталды.
Мыйзам бузуулар КР Административдик укук бузуулар кодексинин төмөнкү беренелерине ылайык катталды:
- 211-берене — Экологиялык талаптарды бузуу,
- 245-берене, 3-бөлүк — Өндүрүш коопсуздугу эрежелерин сактабастык,
- 230-берене — Тийиштүү уруксатсыз иш жүргүзүү,
- 209-берене — Жер, суу жана аба ресурстарын булгоо.
Натыйжада 4 протокол түзүлүп, компанияга 103 миң сом айып салынды.