Бельгия Палестинаны мамлекет катары тааныды

Дүйнө Загрузка... 23 Сентябрь 2025 09:05
8f0c2b4c-c231-4b1f-9497-ff8fed321c55.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.25 /Кабар/. Бельгия расмий түрдө Палестинанын мамлекеттүүлүгүн тааныган өлкөлөрдүн катарына кошулду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында өлкөнүн премьер-министри Барт Де Вевер билдиргенин, Коммерсант жазды.

Маалыматка ылайык, премьер-министрдин айтымында, Бельгия ар дайым “эки мамлекет” принцибин колдоп келген жана бүгүн Нью-Йорк декларациясына кошулду. “Ушундай чечим гана Израиль менен Палестина элине тынчтыкта жана коопсуздукта жашоого шарт түзөт”,— деди ал.

Белгилей кетсек, 21-сентябрда Улуу Британия, Канада, Австралия жана күн мурун Португалия менен Францияда да Палестинаны өлкө катары тааныгандыгын жарыялашкан.