Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Сузак районунда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы "Бек-Абад" көзөмөл өткөрүү бекети реконструкцияланат. Бул тууралуу бүгүн президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жана президенттин өкүлү Тилек Текебаев аталган бекеттин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда айтылды.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө бекеттин учурдагы инфраструктурасы, жарандарга жана транспорт каражаттарына түзүлгөн шарттар, ошондой эле мамлекеттик чек арадан өткөрүү процессин жакшыртуу маселелери каралды.
Мында "Бек-Абад" көзөмөл өткөрүү бекетинин инфраструктурасын жаңылоо жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык келтирүү, ошондой эле жарандар менен транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек арадан үзгүлтүксүз жана ыкчам өтүшүн камсыз кылуу маанилүү экени белгиленди.
Таанышуу учурунда көзөмөл өткөрүү бекетин реконструкциялоо жана анын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.