Бажы пункттарында утилизациялык жыйым боюнча маалыматтык такталар орнотулду

Коом 18 10 Август 2026 10:35
765818212_2074937113110746_1670049611643465982_n.jpg
771968532_1588660506208606_8328662528436092754_n.jpg
768546165_2499653217206747_6350210877122358200_n.jpg
Алдыга
Артка
765818212_2074937113110746_1670049611643465982_n.jpg
771968532_1588660506208606_8328662528436092754_n.jpg
768546165_2499653217206747_6350210877122358200_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. "Түндүк-Чыгыш" бажысында жана “Түндүк” темир жол бажыларында маалыматтык стенддер орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, такталар “Эко Оператор” мамлекеттик ишканасы тарабынан тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын утилизациялык жыйымды төлөө тартиби боюнча маалымдоо иштеринин алкагында орнотулду.

“Эми "Түндүк-Чыгыш" бажысына жана "Түндүк" темир жол бажысына товарларын бажылык жол-жоболоштуруу үчүн келген жарандар, импорттоочулар жана уюмдардын өкүлдөрү утилизациялык жыйым боюнча бардык керектүү маалыматтарды жана кызыктырган суроолору боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү ала алышат”,-деп айтылат маалыматта.