Базар-Коргондо кыш заводунун курулушу толук токтотулду. Себеби

Аймак 03 Август 2026 17:10
763103764_1554382292827481_4926085410867033188_n.jpg
762998570_1554381409494236_7964163084672121134_n.jpg
763098452_1554381372827573_4540275875302920768_n.jpg
763205033_1554381379494239_7768611155978004577_n.jpg
763861424_1554382209494156_382034074500228118_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Базар-Коргон районунда уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан кыш заводунун курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, Акман айыл аймагындагы объектте тиешелүү архитектуралык уруксаттар алынбастан жана мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөстөн курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Адистер буга чейин бир нече жолу эскертүү бергенине карабастан, иштер улантылган. Натыйжада объектти куруп жаткан "Мадина компани" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, курулушту токтотуу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.

Компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, учурда заводдун курулуш иштери толугу менен токтотулду.