Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Базар-Коргон районунда 187 млн 876 миң сомго бааланган 4 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек – Ош унаа жолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн тилкесиндеги жер 2013-жылы айыл өкмөттүн кызмат адамдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде аталган жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке өткөрүлдү.