Баткенге 10 кичи футбол аянтчасы курулат

Аймак 15 Март 2026 19:15
IMG_3608.jpeg
IMG_3609.jpeg
IMG_3607.jpeg
IMG_3606.jpeg
IMG_3605.jpeg
IMG_3604.jpeg
IMG_3603.jpeg
IMG_3602.jpeg
IMG_3601.jpeg
IMG_3600.jpeg
IMG_3599.jpeg
IMG_3598.jpeg
IMG_3597.jpeg
IMG_3596.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3608.jpeg
IMG_3609.jpeg
IMG_3607.jpeg
IMG_3606.jpeg
IMG_3605.jpeg
IMG_3604.jpeg
IMG_3603.jpeg
IMG_3602.jpeg
IMG_3601.jpeg
IMG_3600.jpeg
IMG_3599.jpeg
IMG_3598.jpeg
IMG_3597.jpeg
IMG_3596.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.03.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен Баткен шаарына 4, Баткен районуна 6 кичи футбол аянтчасы курулат. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов аталган футбол аянтчалары курула турган жерлерди көрүп чыкты.

Белгиленгендей, алар жергиликтүү бийликке катталып, жалпы элге кызмат кылат.

Курулуш иштери эки ай ичинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Аянтчалар төмөнкү аймактарда курулат:

  • Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарына;
  • Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына;
  • Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарына;
  • Кара-Бак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак, Зардалы айылына;
  • Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылына.

Ошондой эле андан кийин да өлкө башчысынын колдоосу менен облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу иштери улантылат.