Баткендин Таш-Дөбө айылынын тургуну бала бакча, көпүрө куруп берүүнү өтүндү

Аймак 13 октябрь 2026 17:35
Баткендин Таш-Дөбө айылынын тургуну бала бакча, көпүрө куруп берүүнү өтүндү

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Таш-Дөбө айылынан келген тургун президент Садыр Жапаровго эки маселе менен кайрылды. Бул тууралуу ал өлкө башчысынын Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуусунда айтты.

Тургундун айтымында, айылда бала бакча жок болгондуктан, 40ка жакын бала 4 чакырым алыстыктагы Жошук айылына барууга аргасыз. Аталган аралыкты жөө басып өтүү балдар үчүн кыйынчылык жаратууда.

Экинчи маселе — Шахимардан сайынын үстүндөгү көпүрөнүн авариялык абалы. Айылды аталган сай бөлүп турат. Тургундун маалыматына караганда, көпүрөнү 2025-жылы куруу пландалганы менен, иштер токтоп калган. Учурда андан жеңил унаалар араң өтөт.

Жаран көтөргөн бала бакча маселесине жооп берип жатып, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстандан өткөрүлүп алынган билим берүү мекемелерин кайра куруу сунушу берилгенин айтты. Ошондой эле бул маселе Курулуш министрлигинин күн тартибине киргизилгенин кошумчалады.

Ал эми көпүрө маселесин чечүүнү президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды.

Белгилей кетсек, Таш-Дөбө айылы мурда Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын кичинекей анклавы болгон. 2026-жылдын жай айындагы эки өлкөнүн мамлекеттик чек араларын демаркациялоо учурунда айыл расмий түрдө Кыргызстандын карамагына өткөн.