Баткендин экологиясы прокурордук көзөмөлгө алынат

Аймак Загрузка... 10 Июль 2026 15:55
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.19.29.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Баткен облусунда экологиялык мыйзамдардын аткарылышын күчөтүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери талкууланды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, талкууга облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Ош экологиялык прокурору Чолпонбай Абдылдаев жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Жыйында Баткендеги экологиялык абал, жер казынасын мыйзамдуу пайдалануу, таштанды маселеси, суу ресурстарын сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо көйгөйлөрү ортого салынды.

741828084_1566080764885373_3863311979049746204_n

Белгиленгендей, өлкөдө экологиялык коопсуздукка көзөмөлдү күчөтүү максатында президенттин колдоосу менен Башкы прокуратуранын түзүмүндө Бишкек жана Ош экологиялык прокуратуралары түзүлүп, ишке кирген. Алар жер казынасын пайдалануу, суу объекттерин жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын аткарылышын түздөн-түз көзөмөлдөйт.

Жыйындын соңунда мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү пландары белгиленди.

Экологиялык мыйзам бузууларга күбө болгон жарандар төмөнкү номерлерге кайрыла алышат:

  • Бишкек экологиялык прокуратурасы: +996 (312) 32-35-08, +996 (555) 758-677;
  • Ош экологиялык прокуратурасы: +996 (500) 993-330, +996 (552) 547-647.