Баткендеги жаңы мектептердин курулушу: Сапаты жана мөөнөтү текшерилди

Аймак 24 Июль 2026 11:20
510975949_3457932834349891_4974269274799349324_n.jpg
753887194_1545216973744013_7601664959757016249_n (1).jpg
751738310_1545216823744028_5899352913248326601_n.jpg
754896101_1545216757077368_221350923674012195_n.jpg
753881216_1545216780410699_2477953259941407671_n.jpg
752198772_1545216960410681_2459718835479434050_n.jpg
752334353_1545217013744009_4987907313209009805_n.jpg
752642871_1545217030410674_7316306974223619207_n.jpg
753887194_1545216973744013_7601664959757016249_n.jpg
754126918_1545216770410700_251944945903802901_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Мирлан Бузурманкулов Баткен районунда курулуп жаткан бир катар социалдык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапаты, жумуштардын жүрүшү жана бекитилген графиктин аткарылышы текшерилди.

Тактап айтканда, төмөнкү объекттер жеринен текшерилди:

  • Кадамжай районунун Айырбас айылындагы 500 орундуу жаңы мектеп;
  • Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу жаңы мектеп;
  • Баткен районунун Жаңы-Достук айылындагы 225 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана ФАП.

Белгилей кетсек, Айырбас айылындагы 500 орундуу мектептин курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктап, эмеректерди орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Объекттин жалпы наркы 157 миллион сомду түзөт.

Ал эми Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштеринин акыркы этаптары аткарылууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 164 миллион сомду түзөт.

Ошондой эле Жаңы-Достук айылында 225 орундуу мектептин, 100 орундуу бала бакчанын жана ФАП курулушу уланууда.