Баткендин алыскы Зардалы айылында футбол аянтчасы ачылды

Аймак 15 Май 2026 15:55
699084086_1518476069645843_1554059858356165949_n.jpg
698434384_1518476189645831_7806766156250413067_n.jpg
699466605_1518476146312502_4285012041282002631_n.jpg
700476987_1518476136312503_7436431533041402997_n.jpg
700581846_1518476089645841_5873002191472689856_n.jpg
700606703_1518476226312494_8280733441810612968_n.jpg
700800097_1518476169645833_2132964770067231012_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бүгүн Баткен районунун алыскы Зардалы айылында футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул футбол талаасы президенттин фондунун эсебинен Баткен облусунда курулуп жаткан 10 кичи футбол аянтчасын бири.

Иш-чарага катышкан район акими Данир Иманалиев бул аракет жаштардын жана жалпы эле айыл элинин сергек жашоо образын калыптандыруу менен спортко болгон кызыгуусун арттырууга шарт түзөрүн белгиледи.

Жогоруда айтылган футбол аянтчалары жергиликтүү бийликке катталып, жалпы элге кызмат кылат.

Оюн аянтчалары төмөнкү аймактарда курулууда.

  • Баткен шаарынын Тамаша-Жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарында;
  • Баткен районунун Бужум айылында;
  • Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарында;
  • Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылында.

Белгилей кетсек, мындан ары да өлкө башчысынын колдоосу менен облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу пландалган.