Баткендеги Жаңы Достук айылына 64 млн сомго бала бакча курулууда

Аймак 27 Апрель 2026 12:20
1.jpg
680847401_1471793611086350_193824349981562695_n.jpg
681113400_1471793604419684_8432834487515094491_n.jpg
681387185_1471793644419680_2882462361821221193_n.jpg
681439926_1471793687753009_3906715401467523377_n.jpg
681545037_1471793704419674_8677110507921793920_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Баткен районунун Жаңы Достук айылына 100 орундуу заманбап бала бакча курулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин наркы 64 млн сомду түзөт.

Башкы планга ылайык, бала бакчанын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имараттан турат. Учурда эки кабаттын колонна орнотуу иштери аяктап, бетон төшөлүүдө.

Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерүүдөн өткөрүлүп, иштин аткарылышын Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөйт.