Баткендеги рейд: 1,7 тонна жапайы кара куурай өрттөлдү

Аймак 10 Июль 2026 10:40
742405840_27680762828212195_5986303093245348620_n.jpg
742606407_27680762818212196_3420109017905367074_n.jpg
742631765_27680763321545479_6342682997653773360_n.jpg
743992146_27680763284878816_1844370093623645944_n.jpg
744055747_27680763078212170_9145802121519086224_n.jpg
744074726_27680763498212128_8402153636067125869_n.jpg
744141498_27680763038212174_479546839481804187_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Баткен ОИИБ

Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Баткен облусунда баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана баңгиликтин алдын алуу максатында "Кара куурай" комплекстүү рейддик иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Рейд облустук жана райондук милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү биргеликте жүргүзүлгөн.

Кароо жүргүзүүнүн натыйжасында 1,5 гектар жерден болжол менен 1 тонна 700 килограмм жапайы өскөн кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен толугу менен жок кылынды.

Милиция кызматкерлери аймактарда баңгизатка каршы алдын алуу иш-чараларын улантууда.