Баткендеги 10 миң орундуу стадиондун курулушу октябрда аяктайт

Аймак 20 Июль 2026 14:55
750758291_1573913410768775_1903101791826137935_n.jpg
750643769_1573913537435429_1916086066391059139_n.jpg
750255734_1573913387435444_1620519406149104757_n.jpg
750565624_1573913637435419_1375663148919566009_n.jpg
750615464_1573913570768759_1091560731741877408_n.jpg
750632604_1573913547435428_8536139268202872333_n.jpg
751447646_1573913377435445_8589110884912511487_n.jpg
750758323_1573913620768754_8847299968810780805_n.jpg
751205384_1573913480768768_5265272861536014921_n.jpg
751389536_1573913447435438_347381364320008460_n.jpg
751413945_1573913564102093_172427597136195874_n.jpg
752723783_1573913607435422_7889775291218217595_n.jpg
749566717_1573913404102109_2752928330876211535_n.jpg
749891983_1573913490768767_59159441426277250_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Баткен шаарында 10 миң орунга ылайыкталган стадиондун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн облус башчысы Мамыржан Рахимов курулуш иштеринен кабар алды.

Учурда курулуштун негизги бөлүгү аяктап, 60 пайыз жумуш аткарылды. Курулушту ушул жылдын октябрь айынын аягына бүткөрүү пландалууда.

"Жалпы аянты 10 га аянтты түзгөн стадиондо футбол аренасынан сырткары 3 машыгуу оюн талааларын жана төрт кичи футбол аянтчалары, 100 кишилик жатакана комплекси, 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай болот", - деп айтылат маалыматта.

Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды өткөрүүгө заманбап шарт түзүлөт.

Белгиленгендей, бул иштер президенттин "2024-2034-жылдарга Кыргызстанда футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында ишке ашууда.