Баткенде жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери күчөтүлөт

Аймак Загрузка... 16 Июнь 2026 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Баткенде жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча облустук координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө облуста саламаттыкты сактоо тармагындагы учурдагы абал талкууланып, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер каралды.

Ошондой эле аймактагы ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөө, туристтик жайларда санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын камсыз кылуу, энелер менен ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, ошондой эле бруцеллёз жана кургак учук ооруларынын жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине белгиленген багыттар боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү, көзөмөлдү жогорулатуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.