Баткенде ЖРТнын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылат

Аймак 761 17 Февраль 2026 17:32
637627126_1449190153241102_6794005398380456634_n.jpg
637175831_1449189976574453_1680459021010282612_n.jpg
637298618_1449189983241119_6182972723334703014_n.jpg
636753548_1449190186574432_8317284211484139607_n.jpg
Алдыга
Артка
637627126_1449190153241102_6794005398380456634_n.jpg
637175831_1449189976574453_1680459021010282612_n.jpg
637298618_1449189983241119_6182972723334703014_n.jpg
636753548_1449190186574432_8317284211484139607_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум жаштарды билим алууга шыктандыруу, алардын интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү жана келечекке болгон ишенимин бекемдөө максатында уюштурулду. Жаш мугалим Санжар Абдинаби уулунун иш-чараны өткөрүү демилгесин өкүлчүлүк колдоого алган.

Облус жетекчисинин орун басары Жаныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө активдүү даярданууга, талыкпай эмгектенип, максат коюп, ошол максатка жетүүгө, ар тараптан өнүгүүгө чакырды.

Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип тандоо, ЖОЖго тапшыруудагы маанилүү жагдайлар туурасында кеңири маалымат беришти.

Жаш ишкерлер ЖРТдан эң жогорку упай алган окуучуга, мугалимине атайын белектер, “Алтын сертификат” алган мыкты окуучуларга 150 миң сом байге (3 окуучуга 50 миң сомдон) берелерин айтышты.

Ошондой эле ЖРТ жеңүүчүлөрүнө жана “Алтын сертификат” ээлерине облус, район-шаар башчыларынын да акчалай сыйлыктары каралган.