Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Баткен облусундагы жалпы билим берүү мектептеринин 2025–2026-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 215 упайдан жогору жыйынтык көрсөткөн окуучуларды сыйлоо жана куттуктоо аземи өттү.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов катышып, бүтүрүүчүлөрдү жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.
Өз сөзүндө облус башчысы билимдүү, аракетчил жаштар өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, окууларына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле окуучуларды тарбиялап, билим берген мугалимдерге жана ата-энелерге ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын алкагында ЖРТнын жыйынтыгы боюнча «Алтын сертификатка» ээ болгон үч бүтүрүүчүгө 20 миң сомдон, ал эми 215 упайдан жогору жыйынтык көрсөткөн 19 бүтүрүүчүгө 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Мындан сырткары, быйылкы окуу жылында эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен эки билим берүү мекемесине 15 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.
"Алтын сертификаттын" ээлери:
• Акматова Сезимай – Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектебинин бүтүрүүчүсү;
• Өзбеков Өмүрбек Закирбаевич – Кадамжай районундагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүсү;
• Муратова Айзирек – Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектебинин бүтүрүүчүсү.
Эң жогорку жыйынтык көрсөткөн мектептер:
• Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектеби;
• "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин "Семетей" лицейи.
Ошондой эле "Алтын сертификаттын" ээлерине Баткен шаарындагы бир катар ишкерлер тарабынан да колдоо көрсөтүлүп, баалуу белектер тапшырылды.
Иш-чара билимге умтулган жаштарды колдоо, алардын жетишкендиктерин коомчулукка даңазалоо жана келечектеги ийгиликтерине дем берүү максатында уюштурулду.