Баткенде жогорку чыңалуудагы 5 көмөк чордон оңдоодон өттү

Аймак Загрузка... 19 Июнь 2026 10:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Баткен ЭТИ

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Баткен электр тармактар ишканасынын 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондор кызматы тарабынан пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ишканадан билдиришкендей, анын алкагында төмөнкү 5 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү:

  • 35/10/6 кВ "Достук" көмөк чордону;
  • 35/10 кВ "Самаркандек" көмөк чордону;
  • 35/10 кВ "Кара-Токой" көмөк чордону;
  • 35/10 кВ "Ак-Турпак" көмөк чордону;
  • 35/6 кВ "Ширеч" көмөк чордону.
"Капиталдык оңдоонун алкагында көмөк чордондордун негизги жана көмөкчү жабдуулары жаңыланып, эскирген тетиктер алмаштырылып, электр жабдууларынын ишенимдүүлүгү жогорулатылды. Мындан тышкары, 22 көмөк чордон пландуу техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, күч трансформаторлору, өчүргүчтөр, ажыраткычтар, релелик коргоо жана автоматика жабдуулары текшерилип, аныкталган кемчиликтер жоюлду",-деп айтылат маалыматта.