Баткенде Жийделик – Ак-Кыя жолунун 11,3 чакырымы толук асфальтталды

Загрузка... 17 Август 2025 10:52
Screenshot_2025-08-17-10-51-22-530_com.facebook.katana.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 17.08.25. /Кабар/. Кадамжай районунда жайгашкан Жийделик – Ак-Кыя жолунун 11,3 чакырымына асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган иштер Капиталдык салымдар беренесинин каражаттарынын эсебинен аткарылды.

Жол оңдоо учурунда кууш тилкелер жоюлуп, туурасы кеңейтилди.

Белгилей кетсек, 2 тилкелүү Жийделик – Ак-Кыя автожолунун жалпы узундугу 11,3 км түзөт.