Баткенде жаңы көмөк чордон пайдаланууга берилди

Аймак 29 Январь 2026 10:35
1.jpg
619505352_1433055521521232_1527376920226758150_n.jpg
619545978_1433055741521210_345771623005984982_n.jpg
619619228_1433055731521211_4824397706377511176_n.jpg
619660666_1433055594854558_7963328279573353304_n.jpg
620117257_1433055711521213_6893744185606886772_n.jpg
621658119_1433055514854566_4522728198884048403_n.jpg
621715586_1433055768187874_7345547110554412071_n.jpg
621736015_1433055664854551_5649786201688383200_n.jpg
623109731_1433055691521215_4653563143936715904_n.jpg
623548702_1433055561521228_3692476525257641694_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Баткен шаарында "Суу-Башы" көмөк чордону пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 110/35/10кВ болгон көмөк чордондун жалпы наркы 76 млн 709 миң 894 сомду түзөт. Долбоор Баткен электр тармактар ишканасы менен Баткен шаарынын мэриясынын биргелешкен аракетинин негизинде ишке ашырылды.

Долбоордун негизги максаты – калкты, өндүрүш объектилерин, ишканаларды жана келечектеги жаңы инвестициялык долбоорлорду туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Көмөк чордондун ишке кириши Баткен шаарынын экономикалык потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен электр тармактар ишканасына 5 унаанын ачкычы да тапшырылды.