Баткенде экологиялык шаар курулат: Башкы пландын концепциясы талкууланды

Аймак 10 Апрель 2026 17:40
669810252_1490358145790969_7706823359592517470_n (1).jpg
667710868_1490358159124301_8170147946361207805_n.jpg
668276207_1490358199124297_5253032099242807071_n.jpg
667607677_1490358245790959_6781357592470452291_n.jpg
Алдыга
Артка
669810252_1490358145790969_7706823359592517470_n (1).jpg
667710868_1490358159124301_8170147946361207805_n.jpg
668276207_1490358199124297_5253032099242807071_n.jpg
667607677_1490358245790959_6781357592470452291_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Баткен облусун өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасынын алкагында Жаңы Баткен заманбап экологиялык шаарын куруу демилгеси ишке ашууда.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бул багытта президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү менен Курулуш министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде шаардын башкы планынын концепциясы иштелип чыгып, облус жетекчилигине сунушталды.

Долбоордун маанилүү деталдары:

  • Жаңы шаар 760 гектар аянтты ээлейт. Анын 120 гектары борбордук административдик аймак катары белгиленген.
  • Шаарда заманбап турак жай кварталдары, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелери, маданий-спорттук комплекстер, парктар, мейманканалар, автобекет жана өнөр жай аймактары курулат.
  • Шаар Баткен районунун Бужум айылынын күн чыгыш тарабына түшөт.

Облус башчысы долбоорду жогору баалап, бир катар сунуштарын киргизди. Тактап айтканда, шаардын жылытуу системасын, саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды жана электр энергиясы менен камсыз кылуучу көмөк чордондорду куруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын административдик имараттарды куруу боюнча суроо-талаптары эске алынып, башкы планга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилмей болду. Адистер концепцияны үстүбүздөгү жылдын 3-кварталынын аягына чейин толуктап, кайра иштеп чыгууну пландашууда.