Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Баткенде жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматта белгиленгендей, 5-декабрь күнү саат 21:00 чамасында Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүндө жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 46 жаштагы кишини “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Айдоочу жаракат алган адамды унаасына салып, белгисиз тарапка кетип калган.
6-декабрь күнү саат 09:30 чамасында унаа сүзгөн Ж.К. аттуу жарандын сөөгү жол четинен табылган.
Бул факт Баткен ОИИБдин Ыкчам кырдаал борборунун видео байкоо камерасы аркылуу катталган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында “Мерседес-Бенц” унаасы жана анын айдоочусу 26 жаштагы А. уулу Н. Баткен шаарындагы автоунаа тетиктерин саткан базардан табылып, кармалган.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.