Баткенде Өзбекстандан келген 28 миң көчөт артка кайтарылды

Аймак Загрузка... 27 Февраль 2026 12:14
2-100.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Баткен облусундагы "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолгон 28 миң 762 түп көчөт артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Текшерүү учурунда жүктүн таңгагында ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына ылайык милдеттүү түрдө болушу керек болгон маркировка (продукциянын аталышы, өндүрүүчү өлкө ж.б. маалыматтар) жок экени аныкталган.

"Бул Евразия экономикалык комиссиясынын №157 чечимин бузуу болуп саналгандыктан, жүк кайра Өзбекстанга артка кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.