Баткенде 25 миң кубдук резервуар курулуп, 200 га жерге бак отургузулат

Аймак 04 Февраль 2026 10:32
627490183_1437847187708732_3807422676769183848_n.jpg
627677481_1437846971042087_1944142845953229146_n.jpg
627049683_1437846954375422_5469460094591929878_n.jpg
627473793_1437847051042079_3310800458237027439_n.jpg
627488144_1437847234375394_7824666360857818713_n.jpg
627531472_1437847017708749_1598444261099443656_n.jpg
628422632_1437847114375406_4073397073165537673_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Баткен районунун Жаңы-Жер айылында заманбап сугат системасы курулуп, 200 гектар аянтка интенсивдүү бак отургузулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин өкүлү Айбек Шаменов ишке ашырыла баштаган заманбап сугат инфраструктурасын өнүктүрүү жана интенсивдүү багбанчылыкты жайылтуу долбоорунун курулушунан кабар алды.

Долбоордун жалпы өздөштүрүлүүчү аянты 200 гектарды түзөт. Бул жерде сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен заманбап жемиш бактары отургузулат. Азыркы учурда көлөмү 25 000 куб метрди түзгөн суу топтоочу резервуар курулууда. Бул сугат мезгилинин бардык учурунда туруктуу жана кепилденген суу берүүнү камсыздайт.

Долбоор үчун республикалык бюджеттен 54 млн сом каржыланат. Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен каржылоо каралган.

Аймакта жогорку түшүм берүүчү өрүктүн заманбап жарым карлик сортторунун көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул түшүмдү эрте алууга, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана суунун чыгымын кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.