Баткенде турак жайын камсыздандыргандардын саны артты

Аймак 04 Март 2026 12:45
1911644336.jpg
WhatsApp Image 2026-03-04 at 11.30.59.jpeg
Алдыга
Артка
1911644336.jpg
WhatsApp Image 2026-03-04 at 11.30.59.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Баткен облусунда турак жайын камсыздандыргандардын саны 1,4%га жогорулады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен филиалынын директору Жайлообек Жакшылыков билдирди.

Директор белгилегендей, жыл башынан бери турак жайы зыянга учураган 4 жаранга 489 миң сом төлөнүп берилди. Ал эми 2025-жылы облуста 13 жаранга жалпы 1 млн 636 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилген.

"Облус аймагында турак жайын камсыздандыргандардын саны жылдан жылга өсүүдө. 2026-жылдын көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4% жогору. Бул багытта уюм облустагы 3 район менен 3 шаарда жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте калк менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан сырткары, филиалдын кызматкерлери жер-жерлерге барып окууларды, бекитилген медиа пландын негизинде иш-чараларды уюштурууда. Ал эми бул иштер жарандардын камсыздандыруу маданиятын жогорулатууга жана мүлктү коргоо деңгээлин арттырууга багытталган", - деп белгиледи Жакшылыков.