Баткенде сугат системасын өнүктүрүүгө багытталган жарманке өттү

Аймак 13 Январь 2026 17:14
615782551_1420510399442411_7343116805271312661_n.jpg
615551148_1420510396109078_3341359902226580963_n.jpg
615794769_1420510482775736_8805328801319305699_n.jpg
615821010_1420510582775726_368844013276160103_n.jpg
615854378_1420510459442405_6535662354610499280_n.jpg
616093215_1420510606109057_8988722512651774058_n.jpg
616199668_1420510562775728_6062075879068962473_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Баткенде сугат системасын өнүктүрүүгө багытталган жарманке өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Айыл чарба жарманкеси "Фергана өрөөнүндө ирригация тармагындагы өнөктөштүк" жана "Агро Караван 2026" долбоорлорунун алкагында уюштурулуп, жергиликтүү өндүрүүчүлөр, ишкерлер жана чарба ээлерине айыл чарба продукциялары жана башка товарлар сунушталды.

Негизги максаты — фермерлерди, бизнес өкүлдөрүн, каржылык институттарды жана ирригация тармагында иштеген компанияларды бир аянтчага чогултуп, жаңы технологиялар, жабдуулар, кызматтар жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу болуп саналат.

Жарманкеге Баткен облусунун бардык аймактарынан 150дөн ашык фермерлер катышты. Ошондой эле 20дан ашык көргөзмө стенддер жайгаштырылып, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциялары коюлду.

Жарманкенин соңку бөлүгүндө катышуучулар үчүн пленардык талкуу жүргүзүлүп, анда банктардын, каржы мекемелеринин жана фонддордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле тамчылатып сугаруу системаларын жеткирүүчү компанияларынын өкүлдөрүнүн маалымат берүүсү менен жыйынтыкталды.