Баткенде сугат каналдарынын жээги мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Аймак 03 Февраль 2026 16:49
626834270_1437183464441771_4840672629685308608_n.jpg
626794051_1437183637775087_535576403999074926_n.jpg
626794082_1437183661108418_1312670197572391855_n.jpg
626810754_1437183741108410_922447107023291459_n.jpg
626837455_1437183781108406_6791680902300024675_n.jpg
626850382_1437183444441773_8753291272907890856_n.jpg
627357502_1437183541108430_2015189562295577265_n.jpg
627382160_1437183664441751_7403912769728943677_n.jpg
627450296_1437183817775069_7718713568782412477_n.jpg
627470566_1437183461108438_8073533808706860503_n.jpg
627473445_1437183561108428_1680046509380762783_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя жана Кадамжай районунун аймагынан агып өткөн "Тешик" сугат каналынын коргоо аймагы мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган каналдын сыйымдуулугу 1 куб, жалпы узундугу 23 чакырымды түзөт. Анын 4,7 чакырымы Кызыл-Кыя шаарын аралап өткөн. Каналдын коргоо аймагына жарандар өз билемдик менен ар кандай курулуштарды куруп алган.

Натыйжада каналды тейлөө жолдору жабылып калып, оңдоп-түзөө, тазалоого мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Мындан улам мэрия менен райондук суу чарба башкармалыгы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, каналдын айланасындагы курулуштарды тазалап, каналды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ушундай эле абал Кадамжай районундагы Анхор каналынын айланасында да болгон. Бирок, учурда каналдын коргоо аянттарына курулуш куруп алган жарандар өз ыктыяры менен курулуштарын бузуп, тазалап берүүдө.

Натыйжада жалпы узундугу 18,6 чакырым каналдын 300 метр аралыгы оңдоп-түзөөдөн өттү. Сугат каналы 3,5 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылат. Оңдоп-түзөө иштерине Азия өнүктүрүү банкынан 3 млн сомго жакын акча каражаты каралган.