Баткенде сел жүрдү: Жолдор жабылып, электр жарыгы өчтү

Аймак 23 Июль 2026 23:50
736610068_3896344143842089_5221540130170895558_n (1).jpg
1777635753-19076.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
736610068_3896344143842089_5221540130170895558_n (1).jpg
1777635753-19076.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 23-июлда саат 18:30 чамасында Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Кадамжай райондорунун аймагында нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жүрдү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, сел суулары унаа жолдоруна, турак үйлөргө, короо-жайларга жана административдик имараттарга зыян келтирип, айрым унаа жолдорунда каттам убактылуу токтотулду. Ошондой эле кээ бир аймактарда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилигинде облустун жарандык коргонуу кызматтарынын ыкчам кеңешмеси өткөрүлдү.

Жыйында сел катталган аймактардагы кырдаал боюнча маалыматтар угулуп, кесепеттерди жоюу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.

Учурда ӨКМдин куткаруучулары жана облустун жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.