Баткенде сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Аймак 03 Май 2026 18:15
686945688_1508734447286672_1805841823775779421_n (1).jpg
686935857_1508760970617353_2298695000639163334_n.jpg
688238366_1508733737286743_7335590996304230651_n.jpg
686329020_1508760740617376_7437257618750969479_n.jpg
686228166_1508733547286762_3459992961887972441_n.jpg
688115741_1508734277286689_4386508633074924707_n.jpg
688099146_1508760647284052_2091317319127905718_n.jpg
689249101_1508733817286735_7488505932983139962_n.jpg
688746911_1508760470617403_6677007864791763938_n.jpg
687759864_1508733587286758_7624679028230659031_n.jpg
687974009_1508733300620120_4548575918283096465_n.jpg
688021503_1508733237286793_8200014368546307658_n.jpg
686945688_1508734447286672_1805841823775779421_n.jpg
686992583_1508760613950722_4354668788465247695_n.jpg
688132803_1508733130620137_4153364567221434209_n.jpg
688897442_1508734310620019_6056180267838999384_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.05.26 /Кабар/. Баткенде сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов сел жүргөн Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы абалды чогуу көрүп чыгышты.

Жетекчилер селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүү, жарандардын турак жайларын калыбына келтирүү, ошондой эле аймактагы жол, таза суу, сугат суу жана электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү багытындагы иштер биргеликте, активдүү улантыларын белгилешти.

Ошондой эле аймакты сел сууларынан коргоо боюнча пландалган долбоорлорду талкуулашты.

Андан соң, жарандык коргонуу кызматы менен жыйын өтүп, сел кесепеттерин тактоо, келтирилген чыгымдарды аныктоо,сайлардын жээгин бекемдөө менен,селдин нугун тазалоо маселелери каралды.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-майда Ак-Татыр айыл аймагында жүргөн селден жабыркаган турак жайлардын саны 71ге жетти. Анын ичинен 10 турак үйдүн жер төлөлөрүнө сел суулары кирген. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Сел жүргөн айылдардан жалпы 149 адам (35 үй-бүлө) эвакуацияланып, туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жарандык коргонуу кызматтары жана керектүү атайын техникалар тартылган.

Саламаттык сактоо кызматкерлери тарабынан жеринде жарандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү уюштурулган. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аймакта залалсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен районунун аймагына “өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.