Баткенде өрүк бышты

Аймак 30 Апрель 2026 11:35
FB_IMG_1777526759965.jpg
FB_IMG_1777526763392.jpg
FB_IMG_1777526762435.jpg
FB_IMG_1777526777344.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1777526759965.jpg
FB_IMG_1777526763392.jpg
FB_IMG_1777526762435.jpg
FB_IMG_1777526777344.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.04.26. /Кабар/. Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу түрү бышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү багбан Толубай Жалилов бир жыл мурун 20 гектар жер аянтын өздөштүрүп, анын 7 гектарына өрүк тиккен.

Туркиядан өрүктүн жарым карлик фуего, приция, микадо түрлөрүн алып келген.

Быйыл өрүктөр мол түшүмүн берүүдө.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, багбан түшүмүн Казакстан жана Россияга экспорттоодо.