Табигый кырсыктардын алдын алуу: Баткенде ири машыгуу башталды

Аймак Загрузка... 12 Март 2026 11:00
571314223_1163737102519297_1082929090391347610_n.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Баткен облусунда 11–13-март күндөрү Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын катышуусунда “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуу органдары менен күчтөрүнүн аракеттери” аттуу республикалык командалык-штабдык машыгуу өтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2026-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулган. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов белгилегендей, туруксуз аба ырайы жана жаан-чачындын көптүгү дарыяларда суунун деңгээлин көтөрүп, сел, суу ташкыны, кар көчкү, жер көчкү жана таш кулоо сыяктуу табигый кырсыктардын коркунучун жаратат.

Мындан улам, өткөрүлүп жаткан машыгуулар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюуда түзүмдөр аралык аракеттенүүнү күчөтүүгө чоң жардам берет. Иш-чара мамлекеттик органдардын координацияланган иштерин чыңдоого, ыкчам чечим кабыл алууга, жарандардын өмүрүн сактоого жана материалдык чыгымдарды азайтууга багытталган.