Баткенде Миң-Өрүк – Самаркандек жолунун курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 20 Июль 2026 10:55
749258246_1572574667569316_6697284339263295957_n.jpg
748043826_1572574617569321_8750496902318262460_n.jpg
748043826_1572574977569285_864761599148412306_n.jpg
748160705_1572574740902642_6626520714327765799_n.jpg
748740236_1572574587569324_2819779559835551204_n.jpg
748873750_1572574870902629_541714307337405509_n.jpg
749354507_1572574680902648_4078382572985719079_n.jpg
749354516_1572574580902658_150624684149022022_n.jpg
749354520_1572574927569290_6152876585466164641_n.jpg
749514423_1572574807569302_5062622441835278046_n (1).jpg
750273954_1572574747569308_617592819193443266_n.jpg
750785258_1572574934235956_4252464281145636782_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Миң-Өрүк – Самаркандек унаа жолунун курулушунан кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, узундугу 3,2 чакырым болгон жол Тажикстан менен чектеш аймакта курулууда. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, 2028-жылы пайжаланууга берүү пландалган.

"Жаңы курулуп жаткан жол азыркы учурда пайдаланып жаткан жолго караганда Лейлек тарапка 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айылына 17 чакырымга кыскарат. Бүгүнкү күндө зоону жардырып жол куруу, көпүрөнүн таянычтарын куруу иштери кызуу жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, жолдун туурасы 10 м болуп асфальтталат. Дарыянын жана жолдун үстүнөн узундугу 266 м болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушу долбоорлонгон. Жол түнкүсүн жарыктандырылат. Курулуш үчүн бир бетон даярдоочу завод жана бир таш майдалоочу жабдык курулуп, иштеп жатат.