Баткенде мамлекеттик кызматкерлер кан тапшыра баштады

Аймак 05 Август 2025 14:45
528533539_1293686432124809_2776185454985841948_n.jpg
527690040_1293686495458136_5143177496467462190_n.jpg
528038810_1293686465458139_688743926912405432_n.jpg
528050284_1293686388791480_9048673963211911763_n.jpg
528228215_1293686352124817_326512614603863842_n.jpg
528309603_1293686345458151_3815583699123462422_n.jpg
528388184_1293686422124810_5928747453906138612_n.jpg
528576191_1293686378791481_5576402589564616880_n.jpg
528753059_1293686472124805_5984733607872258234_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Баткенде мамлекеттик кызматкерлер кан тапшыра башташты. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Бактияр Токсонбаев баштаган кызматкерлер Баткен облустук кан борборунда кан тапшырып, өлкөдө старт алган ыктыярдуу донорлук иш-чарасын баштап беришти.

Бул акциянын негизги максаты — коомчулукта ыктыярдуу донорлукту жайылтуу, ооруканада дарыланып жаткан жарандарга жардам берүү жана мекенге кызмат кылуунун дагы бир үлгүсүн көрсөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди кан тапшырууга жана ыктыярдуу донор болууга чакырып, бул багытта активдүү жарандык позицияны көрсөтүүгө үндөгөн.

Анын айтымында, кан тапшыруу – адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген асыл иш. "Ар бир тамчы кан – бул кимдир бирөө үчүн жашоо. Мамлекеттик кызматкерлер коом алдында үлгү болушу керек", – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик мекемелерде кан тапшыруу өнөктүктөрүн уюштурууну жана кызматкерлерге бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.