Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстан өз каражаты жана күчү менен өздөштүрүп жаткан Тоголок алтын кенинде курулуш жана даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы башталган долбоордун алкагында көпүрө жана жолдор курулуп, электр энергиясы тартылууда.
2026-жылдын жазында карьерде тоо-кен жумуштары башталган. Күзүндө алтын ылгоочу фабриканын пайдубалы түптөлүп, калдык сактоочу жай менен жумушчулар лагерин куруу иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, компания келечектүү Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Аталган аянттагы алтын запастарын 2027-жылы мамлекеттик баланска коюу пландалууда.