Кумтөрдүн күйүүчү май сактоочу резервуарларынын саны 19га жетти

Коом
Кумтөрдүн күйүүчү май сактоочу резервуарларынын саны 19га жетти
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Балыкчы шаарындагы өткөөл базасында күйүүчү май сактоочу резервуарлардын саны 9дан 19га көбөйдү.

Компаниянын маалыматына ылайык, мурда кампаларда 12 миң куб метр күйүүчү май сакталса, учурда бул көрсөткүч 32 миң куб метрден ашты.

Бул чара Кумтөр кенин күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана ички-тышкы тобокелдиктердин алдын алуу максатында ишке ашырылган.

Мындан тышкары, 2025-2026-жылдары Балыкчыдагы өткөөл базанын аянты дээрлик эки эсеге кеңейип, эки кабаттуу жаңы кеңсе курулууда.